акыркы жаңылыктар

Ошто мыйзамга туура келбеген жарнамаларды бир саатта оңдоо талабы коюлду

Коом

Ошто мыйзамга туура келбеген жарнамаларды бир саатта оңдоо талабы коюлду

Ош шаарында мэр Жанарбек Акаевдин катышуусунда чет элдик ишкерлерге карата рейд жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын талаптарынын аткарылышы текшерилди. Мэриянын маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп бербеген жарнамалык такталар жана маалыматтык жазуулар аныкталды. Алардын ээлерине мыйзам талаптарына ылайык келтирүү үчүн бир саат убакыт берилди.

Айгерим Качкынбекова
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы келди

Коом

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы келди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдардын алгачкы партиясы келди. Эске салсак, буга чейин энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытайдан Кыргызстанга  күйүүчү май келерин маалымдаган. Ошондой эле ал Беларусь менен күйүүчү май импорттоо боюнча келишимдер түзүлгөнүн айткан. Министрдин маалыматына ылайык, күйүүчү майды Россия аркылуу транзит менен алып өтүү маселеси чечилип, Беларустан жөнөтүлгөн бир

Сапар Акунбеков
Ат-Башыдагы селдин кесепети 2 млн сомдон ашык зыян алып келди

Коом

Ат-Башыдагы селдин кесепети 2 млн сомдон ашык зыян алып келди

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы Орто-Кайыңды коктусунан түшкөн кыян суулары айыл чарба жерлерин, эс алуучу жайды, балчылардын бал челектерин жана  бир унааны агызып кеткен.  ӨКМДин маалыматына ылайык,  Жарандык коргонуу комиссиясы селден 2 миллион 55 миң 600 сом зыян келтирилгенин аныкташкан.  12-июлда  жааган жаан

Сапар Акунбеков
Баткендин мэри Раззаков көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюуну тапшырды

Коом

Баткендин мэри Раззаков көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюуну тапшырды

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев Исхак Раззаков көчөсүн кыдырып, жолдун тазалыгын жана инфратүзүмдүк абалын көзөмөлдөдү. Иш сапардын жүрүшүндө жашыл аймактарды иретке келтирүү, жол жээктери жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелер текшерилди. Кыдыруунун жыйынтыгында шаар башчысы тиешелүү мекеме-ишканаларга аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу, көчөнүн тазалыгын туруктуу камсыз кылуу жана шаар тургундары

Уулжан Бейшенбекова
Баткенде облустук өнүктүрүү фонду  тарабынан 10 долбоор каржыланууда

Экономика

Баткенде облустук өнүктүрүү фонду  тарабынан 10 долбоор каржыланууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин төрагалыгы алдында Баткен облустук өнүктүрүү фондунун кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйында үстүбүздөгү жылы фонд тарабынан каржыланып жаткан долбоорлордун аткарылышы, бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы тууралуу

Сапар Акунбеков
Таластагы "Жер Үй" алтын кениндеги курулуштарга мониторинг жүргүзүлдү

Коом

Таластагы "Жер Үй" алтын кениндеги курулуштарга мониторинг жүргүзүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы Таластагы "Жер Үй" алтын кен комбинатынын казып алуу комплексиндеги курулуш объектилерине мониторинг жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, мониторинг вахталык шаарчанын административдик-тиричилик корпусу жана 224 орундуу жатакананын курулуш иштерин камтыды. Текшерүүнүн негизги

Айгерим Качкынбекова
Бишкектеги мейманкананын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Коом

Бишкектеги мейманкананын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы борбор калаадагы курулуш объектилеринде мыйзамдардын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөнү улантууда. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Дэн Сяопин проспектиси, 391 дарегинде жайгашкан үч кабаттуу мейманкананын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Тактап айтканда,

Айгерим Качкынбекова
Дене тарбия жана спорт  агенттигинин орун басары дайындалды

Саясат

Дене тарбия жана спорт агенттигинин орун басары дайындалды

Мирбек Моңолов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, аны Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Айбек Абдымомунов агенттиктин эмгек жамаатына тааныштырды. Мирбек Моңолов, 2001-жылы Нарын мамлекеттик университетинин Финансы жана кредит факультетин

Сапар Акунбеков
Каракол капчыгайына унаа менен кирүүгө чектөө киргизилди

Коом

Каракол капчыгайына унаа менен кирүүгө чектөө киргизилди

21-22-июлда жаап өткөн нөшөрлүү жаандан улам Каракол суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Мындан улам Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол капчыгайына, “Каракол” Мамлекеттик паркынын буйругунун негизинде унаа менен барууга убактылуу чектөө киргизилди. ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, мындан сырткары жарандарды, туристтерди аталган аймакка барбай турууга чакырат. Жеринде

Сапар Акунбеков
Кара-Сууда шагыл-кум өндүрүүчү завод текшерилди

Коом

Кара-Сууда шагыл-кум өндүрүүчү завод текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү заводдо текшерүү жүргүзүштү. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер өндүрүштүк технологиялык процессти карап чыгып, анын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин баалашты. Ошондой эле өндүрүлгөн продукциядан сертификациялык лабораториялык сыноолорду өткөрүү үчүн

Айгерим Качкынбекова
Манас шаарында чет тилде жазылган көрнөк-жарнактар алынды

Коом

Манас шаарында чет тилде жазылган көрнөк-жарнактар алынды

Манас шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарга жана тил эрежелеринин талаптарына жооп бербеген, грамматикалык жана орфографиялык каталарга жол берилген көрнөк-жарнактар алынды.  Манас шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, ишкерлерге жана тиешелүү тараптарга көрнөк-жанактарды жана жарнамаларды мамлекеттик тилдин ченемдерине ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Негизинен кытай тилинде жазылган жайлардын аталыштары алынган.

Сапар Акунбеков
Ошто мыйзамсыз жер казуудан мамлекетке 78,6 млн сом зыян келтирилген

Коом

Ошто мыйзамсыз жер казуудан мамлекетке 78,6 млн сом зыян келтирилген

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзамдардын аткарылышын текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Ош шаарынын мэриясы тиешелүү ыйгарым укугу жок болсо да кум-шагыл аралашмасы менен чопо топурагын казып алууга укук берүүчү 33 күбөлүктү мыйзамсыз берген. Мындан тышкары, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын

Айгерим Качкынбекова