АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкты, бирок карызын төлөгөн жок — Bloomberg
АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан (ДСУ, ВОЗ) расмий түрдө чыкканын Bloomberg агенттиги жазды. Ошол эле учурда АКШ уюм алдындагы карызын төлөгөн эмес. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь айына карата АКШнын ДСУ алдындагы карызы 260 млн долларды түзгөн. ДСУдан чыгуу тууралуу буйрукка АКШнын президенти Дональд Трамп дээрлик бир жыл мурун кол койгон.