Коом
МинКаб төрагасы пенсионерлер менен пособие алуучулардын жалпы санын айтты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш чарада МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 1-октябрында 298 миң жаран мамлекеттик пособие жана 190 миң бала пособие аларын билдирди. Анын айтымында, мындан сырткары өлкөдө 107 миң адам социалдык жөлөк пул алышат жана анын 37 миңи 18 жашка чейинки майып балдар.