Саясат
Кыргызстан менен Германия кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууну талкуулады
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Берлин шаарына (Германия Федеративдик Республикасы) жумуш сапары менен барган. Өкмөт башчы Германиянын Бундестагындагы "Германия – Борбордук Азия достук тобу" депутаттары менен жумушчу эртең мененки тамак форматында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган