акыркы жаңылыктар

Ошто көп кабаттуу үйлөр казына жана жашоочулардын эсебинен жаңыланууда

Коом

Ошто көп кабаттуу үйлөр казына жана жашоочулардын эсебинен жаңыланууда

Ош шаарында кош каржылоо менен дагы үч көп кабаттуу турак жай оңдоп-түзөлүүдө. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда И. Раззаков көчөсүндөгү №32, Исанов көчөсүндөгү №51 үйлөрдө жана Кулатов кичи районундагы №21 көп кабаттуу үйдүн чатырлары менен сырты жаңыланууда. Белгилей кетсек, 50/50 долбоорунун алкагында оңдоо иштерине

Уулжан Бейшенбекова
Москва районуна жаңы сот биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалды

Саясат

Москва районуна жаңы сот биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалды

3-сентябрда Чүй облусунун Москва райондук сотунда биринчи жолу 5 жылга дайындалган судьянын ант берүү аземи өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Президенттин жергиликтүү соттордун судьяларын беш жылдык мөөнөткө дайындоо жөнүндө жарлыгына ылайык, Шадыбеков Артур Кадырбекович аталган аймакка сот болуп дайындалды. Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев ага

Уулжан Бейшенбекова
Таласта суу коргоо зонасында мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Коом

Таласта суу коргоо зонасында мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Талас облусунун Кайыңды айылында жер жана суу мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кайыңды суусунун жээгиндеги суу коргоо зонасында жеңил конструкциядагы курулуштар жайгаштырылганы белгилүү болгон. Айрым курулуштар суу жээгине өтө жакын салынган. Ошондой эле эс алуу жайынын аймагында

Айгерим Качкынбекова
Кызыл-Кыяда төрөт үйүнүн эскилиги жеткен: тургундар көйгөйлөрүн айтышты

Коом

Кызыл-Кыяда төрөт үйүнүн эскилиги жеткен: тургундар көйгөйлөрүн айтышты

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуп, шаардагы социалдык жана инфратүзүмдүк көйгөйлөрдү талкуулады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тургундар калктын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу шаарга 2 мектеп жана 2 бала бакча куруу зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле 15-кичи райондо курулушу бүтпөй турган

Уулжан Бейшенбекова
Соң-Көлдө канаттууларды коргоо үчүн 1 чакырым тосмо орнотулду

Коом

Соң-Көлдө канаттууларды коргоо үчүн 1 чакырым тосмо орнотулду

Нарын облусундагы Соң-Көл көлүндө жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо максатында 1 чакырымга созулган тосмо орнотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иштер "Соң-Көл көлүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу" долбоорунун алкагында К. Базарбаев атындагы Каратал-

Айгерим Качкынбекова
Теңге өсүп, евро арзандады: валюталардын жаңы курсу

Экономика

Теңге өсүп, евро арзандады: валюталардын жаңы курсу

Улуттук банк 3-сентябрга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курстарын жарыялады. Ага ылайык, доллар 87,45 сом деңгээлинде өзгөрүүсүз калды. Ал эми евро 101,8312 сомдон 101,2103 сомго, рубль 1,0172 сомдон 1,0139 сомго төмөндөдү. Теңге тескерисинче бекемдеп, 0,1881 сомдон 0,1919 сомго чейин өстү.

Уулжан Бейшенбекова
Кыргызстан менен Молдованын кесиптик бирликтери келишимге кол коюшту

Саясат

Кыргызстан менен Молдованын кесиптик бирликтери келишимге кол коюшту

Кишинёв шаарында Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы менен Молдованын Улуттук профсоюздар конфедерациясынын ортосунда 2027–2031-жылдарга карата кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Кесиптик бирликтер федерациясынан билдиришкендей, жаңы келишим эки өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө, өнөктөштүктү бекемдөөгө жана эмгекчилердин социалдык-эмгектик укуктарын коргоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө

Уулжан Бейшенбекова
Ошто үч акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

Банктар

Ошто үч акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

Улуттук банк мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн Ош шаарындагы үч акча алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту. Маалыматка ылайык, "Айыл Финанс" алмашуу бюросунун лицензиясы 2026-жылдын 21-августунан 30-августуна чейин, "Капитал Нур" алмашуу бюросунуку 21-августтан 4-сентябрга чейин токтотулган. Ошондой эле

Айгерим Качкынбекова
Бишкекте экологиялык талаптарды бузган кафеге 28 миң сом айып салынды

Коом

Бишкекте экологиялык талаптарды бузган кафеге 28 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы "Сария" кафесинде экологиялык талаптардын бузулушу аныкталып, мекемеге 28 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы жарандардын кайрылуусунун негизинде аталган кафеде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө

Айгерим Качкынбекова
Ак-Ордо конушундагы жаңы мектеп окуучуларга эшигин ачат

Коом

Ак-Ордо конушундагы жаңы мектеп окуучуларга эшигин ачат

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы Теңир-Тоо көчөсүндө жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Жаңы билим берүү мекемеси Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата 12-сентябрда пайдаланууга берилет. Долбоорго ылайык, мектеп төрт блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп саналат. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстан менен Черногория туризм тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт

Саясат

Кыргызстан менен Черногория туризм тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 2-сентябрда Черногориянын туризм министри Симонида Кордич менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө көңүл бурушту. Атап айтканда, туристтик агымды көбөйтүү, туристтик инфратүзүмдү өнүктүрүү

Уулжан Бейшенбекова
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 507 адам медициналык жардам алды

Коом

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 507 адам медициналык жардам алды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык кызмат үзгүлтүксүз көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 27-августтан 2-сентябрга чейин оюндар өтүп жаткан аймактарда 507 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Катышуучуларга, конокторго, көрүүчүлөргө жана кызматкерлерге жардам көрсөтүү үчүн негизги аянтчаларда медициналык жайлар, тез жардам жана

Уулжан Бейшенбекова