акыркы жаңылыктар

Россияда медициналык кароодон качкан мигранттарга айып пул салуу каралып жатат

Коом

Россияда медициналык кароодон качкан мигранттарга айып пул салуу каралып жатат

Россия Федерациясы милдеттүү медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткан эмгек мигранттарын жоопкерчиликке тартууну пландап жатканын Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин билдирди. Россияга үч айдан ашык мөөнөткө келген чет өлкөлүк жарандар үчүн медициналык кароодон өтүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылат. Медициналык мекемелер кароонун жыйынтыктарын Россиянын ИИМине тапшырууга милдеттүү болот, ал

Байерлер кайсы салык режиминде иштеши керек жана кайсы салыкты төлөшөт?

Экономика

Байерлер кайсы салык режиминде иштеши керек жана кайсы салыкты төлөшөт?

Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, байерлер өз ишмердүүлүгүн төмөнкү режимдер боюнча жүргүзүүгө укуктуу: * бирдиктүү салыкка негизделген жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу системасы боюнча; * же жалпы салык режиминде. Жөнөкөйлөтүлгөн салык режимин колдонгон учурда, байерлер бирдиктүү салыктын стандарттык ставкаларын колдонушат: * 2% — накталай эмес (банктык) эсептешүүлөрдө; * 4% — накталай акча менен эсептешүүлөрдө. Бул ставкалар Салык кодексинин 423-

Интернет-алдамчылык боюнча 19 жаштагы жаран кармалды

Коом

Интернет-алдамчылык боюнча 19 жаштагы жаран кармалды

2025-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына Н.В. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 2025-жылдын 5-ноябрында белгисиз адамдар "WhatsApp" аркылуу батир сатып алуу шылтоосу менен ишенимге кирип, анын 49 миң 900 долларын алдап алышкандыгын билдирген. Бишкек шаарынын ИИББнын

Экожолдорду жана экотуризмди өнүктүрүү жөнгө салынат

Экономика

Экожолдорду жана экотуризмди өнүктүрүү жөнгө салынат

Экологиялык жол жана экотуризмди өнүктүрүү мамлекеттик жөнгө салууну талап кыларын радионун түз эфиринде Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун директору Адилет Жанузаков билдирди. Анын айтымында, бул маселеге мамлекеттик саясаттын көз карашынан мамиле кылуу зарыл. Ушуга байланыштуу Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фонду Туризм департаменти жана Экономика министрлиги менен биргеликте тиешелүү сунуштарды даярдоону

Кара металл калдыктарын экспорттоого тыюу салуу узарабы?

Экономика

Кара металл калдыктарын экспорттоого тыюу салуу узарабы?

Экономика жана коммерция министрлиги кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Кыргызстандан чыгарууга убактылуу коюлган тыюуну узартууну сунуштоодо. Тиешелүү документтин долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Министрлер кабинетинин кара металлдарды ошондой эле кайра эритүү үчүн арналган куймаларды (шихталык куймалар) өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө сунушталган токтом долбооруна ылайык, тыюу мөөнөтү дагы алты айга

Бишкектеги курулуш объектилеринде коопсуздук талаптар текшерилүүдө

Коом

Бишкектеги курулуш объектилеринде коопсуздук талаптар текшерилүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 9–11-январь күндөрү Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринде мониторинг жүргүзүлүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү иштери Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаарындагы башкармалыгы тарабынан аткарылууда. Анын алкагында курулуш объектилериндеги эмгек коопсуздугунун сакталышы, техникалык регламенттердин жана долбоордук талаптардын аткарылышы

Ошто жол кырсыктарын азайтуу үчүн айланма жол курулат

Коом

Ошто жол кырсыктарын азайтуу үчүн айланма жол курулат

Ош шаарындагы Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрүнүн кесилишине айланма жол курулат. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган кесилиште жол кырсыктары байма-бай катталып келгендиктен, айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү максатында бул долбоор ишке ашырылууда. Учурда тиешелүү мекемелер тарабынан жол жээгинде курулуш иштерине тоскоолдук жараткан айрым имараттарды бузуу жана алып салуу

Евробиримдик 2026–2027-жылдары Сирияга 722 млн доллар каржылык жардам көрсөтөт

Экономика

Евробиримдик 2026–2027-жылдары Сирияга 722 млн доллар каржылык жардам көрсөтөт

Евробиримдиктин жогорку даражалуу өкүлдөрү 9-январда Сирияга алгачкы ирет расмий сапар менен барып, өлкөнүн убактылуу президенти Ахмад аш-Шараа менен жолугушканын "Азаттык" жазды. Еврокомиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта Сирияны дээрлик 14 жылга созулган жарандык согуштан кийин калыбына келтирүү аракеттерин колдорун билдиришти. Аш-

Ноокатта 115 млн сомго заманбап мектеп курулду

Коом

Ноокатта 115 млн сомго заманбап мектеп курулду

Ош облусунун Ноокат районундагы 12-Мойнок айылында заманбап мектеп курулду. Курулушка мамлекеттик казынадан 115 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Жаңы билим берүү мекемеси 550 окуучуга ылайыкталган. Мектепте заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, ашкана жана бардык шарттары бар спорт залы каралган. Имараттын жалпы аянты

Нарын облусунун электр энергиясын колдонуу лимити жогорулатылды

Энергетика

Нарын облусунун электр энергиясын колдонуу лимити жогорулатылды

Нарын облусунун бийик тоолуу жана климаттык жактан татаал шарттарда жашаган тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жеткен сааттарда керектөө лимитин көбөйтүү чечими кабыл алынганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Натыйжада мурда белгиленген лимит 189 648 кВт/сааттан 264 312 кВт/саатка чейин жогорулатылды. Бул

Дүйнөлүк экономиканын акыбалы бүгүн кандай? 2026-жылы дүйнө элин эмне күтөт?

Экономика

Дүйнөлүк экономиканын акыбалы бүгүн кандай? 2026-жылы дүйнө элин эмне күтөт?

Дүйнөлүк экономиканын көлөмү 2026-жылы 2,7%га өсөрү, бул 2025-жылга карата болжолдонгон 2,8%дан бир аз төмөн жана пандемияга чейинки орточо деңгээлден (3,2%) кыйла аз экенин БУУ баяндамасында айтылат. БУУнун Жаңылыктар кызматы билдиргендей, өткөн жылы АКШда бажы төлөмдөрдүн кескин жогорулашына карабастан, дүйнөлүк экономикалык туруктуулук керектөө чыгымдарынын

ЖК төргагасынын 2024-жылдагы кирешеси 3 млн 685 миң сом болгон

Коом

ЖК төргагасынын 2024-жылдагы кирешеси 3 млн 685 миң сом болгон

Жогорку Кеңештин VII жана VIII чакырылыштарынын Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун 2024-жылдагы кирешеси 3 млн 685 миң 138 сомду, ал эми чыгымдары 1 млн 300 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик салык кызматы анын декларациясына таянып билдирди. Төраганын менчигинде: * аянты 1 500 чарчы метрди түзгөн үй жанындагы жер тилкеси;