акыркы жаңылыктар

"Асман шаар" долбоорун Кытайда таанытуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Экономика

"Асман шаар" долбоорун Кытайда таанытуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууга Nanjing Huayuan Cultural Technology Development Co., Ltd. компаниясынын башкы директору, ошондой эле Tianshan Investment жана Silk Road Construction компанияларынын өкүлдөрү катышты. Тараптар Кыргызстандын инвестициялык потенциалын илгерилетүү жана эки тараптуу инвестициялык кызматташууну кеңейтүү

Талас облусундагы социалдык мекемелердин шарттары текшерилди

Коом

Талас облусундагы социалдык мекемелердин шарттары текшерилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин тапшырмасы менен министрдин биринчи орун басары К.С. Досматов Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын алкагында ал Бакай-Ата жана Покровка айылдарында жайгашкан майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар үчүн ыңгайлашкан социалдык стационардык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда аталган

Кара-Суудагы мектеп имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Коом

Кара-Суудагы мектеп имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Присавай айылындагы №128 Тентибай Кадырбаев атындагы орто мектептин имаратына инженердик текшерүү жүргүзүштү. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүү көп жыл мурда салынган мектеп имаратынын учурдагы техникалык абалын баалоо максатында

Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши цемент заводуна убактылуу пайдаланууга  жер берет

Кыймылсыз мүлк

Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши цемент заводуна убактылуу пайдаланууга жер берет

Кызыл-Октябрьский айыл аймагынын айылдык кеңеши ЗетЦемент ЖЧКсына жер тилкелерин лицензиянын мөөнөтүнө чейин убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берди. Тиешелүү №I/17-69 токтом 2026-жылдын 16-февралында кабыл алынган. Документке ылайык, "Жел-Арык" карбон чийки зат кенинин "Биринчи" участогунда инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү макулдашылган. Атап айтканда: * 16,

Ысык-Көлдө "Тамга–Пржевальск" аба чубалгысы толугу менен жаңыланат

Энергетика

Ысык-Көлдө "Тамга–Пржевальск" аба чубалгысы толугу менен жаңыланат

Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын жаңылоо иштерин улантууда. Бул алкакта узундугу 80 чакырымды түзгөн 110 кВ "Тамга–Пржевальск" аба чубалгысы толук реконструкцияланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Аталган аба чубалгы Каракол шаарын, ошондой эле Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун электр энергиясы менен камсыз кылып келет. Долбоор ишке ашкан соң

Быйыл 249 долбоордук-сметалык документ экспертизадан өттү

Кыймылсыз мүлк

Быйыл 249 долбоордук-сметалык документ экспертизадан өттү

Мамлекеттик экспертиза департаменти тарабынан 2026-жылдын январь–февраль айларында 249 долбоордук-сметалык документ экспертизадан өткөнүн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери департаментке жалпысынан 323 долбоордук-сметалык документ келип түшкөн. Анын ичинен 249 долбоордук-сметалык документация боюнча экспертиза жүргүзүлдү. Алардын ичинен 192си 2025-жылдан 2026-жылга өткөн долбоорлор, ал эми

Баланын өнүгүүсүнө салынган 1 доллар 13 доллар болуп кайтып келиши мүмкүн-ЮНИСЕФ

Коом

Баланын өнүгүүсүнө салынган 1 доллар 13 доллар болуп кайтып келиши мүмкүн-ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ Кыргызстанда бардык 3 жашка чейинки балдар үчүн "Бала ырысы" аттуу бирдиктүү ай сайынкы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү тууралуу Президенттин жарлыгын жылуу кабыл алганын билдирди. ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Джунг Тапа бул чечим өлкөнүн балдардын укуктарын коргоого болгон туруктуу жана ырааттуу милдеттенмесин чагылдырарын белгиледи. Анын айтымында, бул мамлекеттин баланын жашоосунун

Маданият министрлигинде бир катар финансылык мыйзам бузуулар аныкталды

Бийлик

Маданият министрлигинде бир катар финансылык мыйзам бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы тарабынан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде жана анын карамагындагы ведомстволук мекемелерде 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөнүн ведомстводон маалымдашты. Аудиттин жыйынтыгында финансылык тартиптин сакталуусун камсыз кылуу боюнча ички көзөмөл жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөнү аныкталды. Натыйжада бир катар багыттар боюнча мыйзамдардын жана белгиленген жол-жоболордун

Ош шаарындагы үч эмдин ата-энесине шаар мэри 50 миң сом берди

Коом

Ош шаарындагы үч эмдин ата-энесине шаар мэри 50 миң сом берди

Ош шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлгөнүн Ош шаарынын мэриясы кабарлады. Шаар мэри Жанарбек Акаевдин атынан мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова муниципалдык Керме-Тоо аймактык башкармалыгунда жайгашкан “Анар” кичи районунда жашаган Мавлюда Бердигулованы үйүнө барып куттуктады. Ал жакында үч эм төрөгөн. Мэрдин атынан үй-бүлөгө 50 миң сомдук сертификат жана

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 36 млн 560 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды

Экономика

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 36 млн 560 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы тарабынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө 2024-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөнүн аталган мекемеден билдиришити. Аудит 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилди камтып, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугун, финансылык тартиптин сакталышын жана бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүнүн тууралыгын баалоого багытталды. Аудиттин жыйынтыгында тиешелүү укуктук-ч

Мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын ири партиясы жок кылынды

Экономика

Мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын ири партиясы жок кылынды

Салык кызматынын кызматкерлери «Ак-Тилек» товарларды эсепке алуу пунктунда мөөнөтү өтүп кеткен жана эсепке алынбаган кондитердик азыктарды ташыган жүк ташуучу унааны аныкташты. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган продукциянын бир бөлүгү белгиленген тартипте эсепке алынбаганы, ал эми товарлардын бир бөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтүнүн өтүп кеткени белгилүү болгон. Табылган продукциянын жалпы салмагы

Эсептөө палатасы үрөнчүлүк чарбаларды дотациялоодогу системалык кемчиликтерди аныктады

Экономика

Эсептөө палатасы үрөнчүлүк чарбаларды дотациялоодогу системалык кемчиликтерди аныктады

Эсептөө палатасы тарабынан 2020-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгил аралыгында үрөнчүлүк чарбаларды мамлекеттик колдоо максатында бөлүнгөн дотациялардын натыйжалуулугуна аудит жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын жана үрөнчүлүк чарбаларды колдоо боюнча МинКабдын иш-чаралар планын ишке ашырууда бир катар системалык кемчиликтер белгиленди. Аудит көрсөткөндөй, үрөнчүлүк чарбаларына дотациялык каражаттарды