Транспорт
Ала-Бука – Кербен жолундагы көпүрөнү суу алып кетип, жол кыймылы убактылуу чектелди
Ала-Бука – Кербен унаа жолунун 23,8-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн эки жагын суу алып кеткендиктен, жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда аталган тилкеде абал кооптуу бойдон калууда. Буга байланыштуу көпүрө аркылуу жеңил унаалар гана өткөрүлүп, жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу тыюу