акыркы жаңылыктар

"Ак-Тилек” постунда документтери туура эмес жүк артка кайтарылды

Коом

"Ак-Тилек” постунда документтери туура эмес жүк артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек” фитосанитардык текшерүү постунда мыйзам бузуу аныкталды. Маалыматка ылайык, 10-майда Россия Федерациясынан ташылып келе жаткан 36 куб метр ийне жалбырактуу пиломатериал текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда фитосанитардык сертификатта

Футбол федерациясынын президенттигине Адылбек Касымалиев талапкер болду

Саясат

Футбол федерациясынын президенттигине Адылбек Касымалиев талапкер болду

Кыргызстандын футбол союзунун шайлоо комитети КФУнун жетекчилигине талапкерлерди жактырды. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.  Маалыматка ылайык, шайлоо 12-майда КФУнун съездинин жүрүшүндө болот.  КФУнун президентинин кызмат ордуна төмөндөгүлөр көрсөтүлдү: - Адылбек Алешович Касымалиев.  КФУнун аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн кызматына төмөндөгүлөр көрсөтүлдү: - Маматов Акылбек Абдимуктарович; - Жохан Болотович Ералханов. Эске салсак, буга чейин футбол

Алматынын делегациясы Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод менен таанышты

Коом

Алматынын делегациясы Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод менен таанышты

9-майда Кыргызстанга болгон иш сапардын алкагында Алматы шаарынын акиминин орун басары Олжас Смагулов жетектеген делегация Бишкек шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү заводго барды. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, делегациянын курамында Алматы шаарынын Ишкердик жана инвестициялар башкармалыгынын, Экология жана айлана-чөйрө башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле инвестициялык жана экологиялык уюмдардын өкүлдөрү болду. Завод аймагындагы

“Эл үмүтү” президенттик стипендиясынын расмий порталы ишке кирди

Коом

“Эл үмүтү” президенттик стипендиясынын расмий порталы ишке кирди

Бүгүндөн тартып "Эл үмүтү" президенттик стипендиясынын расмий порталы ишке кирди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, эми талапкерлер онлайн форматта арыз тапшырып, катышуу шарттары, тандоо критерийлери жана керектүү документтердин тизмеси менен тааныша алышат. Документтерди кабыл алуу программанын расмий порталы аркылуу жүргүзүлөт. Арыздарды

Марат Тагаев кызматтан кетти

Саясат

Марат Тагаев кызматтан кетти

Марат Тагаев Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу туруктуу өкүлү болуп дайындалганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  ТҮРКСОЙдун башкы кеңсеси Анкарада жайгашкан.  Марат Тагаев 2023-жылдын 6-февралынан тарта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеген. Ал жаштар саясатын, маалымат жана кинематографияны жетектеген. Эске салсак, Тагаев

"Түндүк–Түштүк" жолунда үч жол тейлөө пункту курула баштады

Транспорт

"Түндүк–Түштүк" жолунда үч жол тейлөө пункту курула баштады

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Түндүк–Түштүк" альтернативдүү унаа жолунда үч жол тейлөө пунктунун курулушун баштады. Ведомствонун маалыматына ылайык, тейлөө пункттары Балыкчы–Жалал-Абад жолунун 107-, 261- жана 358-чакырымдарында жайгашат. Учурда курулуш иштери Кызарт жана Сузак аймактарында жүрүүдө. Ал эми Сары-Камыштагы 261-чакырымдагы курулуш тиешелүү документтер толук

180 зыяратчы Мединага учуп кетти

Коом

180 зыяратчы Мединага учуп кетти

10-майда Ош эл аралык аэропортунан кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Медина шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти. Маалыматка ылайык, ажыларды узатуу аземине Абдулазиз кары Закиров баштаган Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Муфтий ажыларды сабырдуу болууга, убакытты туура пайдаланууга жана шарият талаптарын так аткарууга чакырды.

Жер семирткичтердин бааларынын кымбатташына байланыштуу рейд өткөрүлдү

Коом

Жер семирткичтердин бааларынын кымбатташына байланыштуу рейд өткөрүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин тиешелүү кызматтары жер-жерлерде рейддерди өткөрүп, минералдык жер семирткичттердин бааларынын негизсиз кымбаттап кетишин алдын-алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу атлган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, дүйнөдө геосаясий абалга байланыштуу жер семирткичттерди жеткирүүдө маселе болгондуктан, быйыл март

Кочкордо 3 кабаттуу жаңы оорукана курулуп жатат

Коом

Кочкордо 3 кабаттуу жаңы оорукана курулуп жатат

Курулуш министрлиги тарабынан Кочкор районунда 3 кабаттуу, эки корпустан турган оорукана курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, ишке ашырылууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Башкы планга ылайык, оорукана заманбап үлгүдө салынып, жалпы аянты 6661 чарчы метрди түзөт. Анда 40ка жакын бейтап палатасы, дарыгерлердин бөлмөлөрү, төрөт бөлүмү, операциялык блок, биохимиялык лаборатория, реанимация

Ысык-Көлдөн 600 метрге жеткен эски балык уулоочу торлор чыгарылды

Коом

Ысык-Көлдөн 600 метрге жеткен эски балык уулоочу торлор чыгарылды

Ысык-Көлдөн узундугу 600 метрге жеткен эски балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 10-май күнү көлдү тазалоо иштеринин алкагында суучулдар Түп районунун Күрмөнтү айылынын тушунан эски торлорду алып чыгышкан. Министрликтин маалыматына караганда, Ысык-Көл акыркы төрт жылдан бери таштандыдан жана балык уулоочу торлордон

Төө-Ашууда жана Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат

Транспорт

Төө-Ашууда жана Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат

Бүгүн Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашууларында кар майдалап жаап жатат. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жол тейлөө кызматтары тарабынан жолго инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Атайын техникалар тартылып, жолдун абалы көзөмөлгө алынган. Азыркы учурда

Баткенде жолдордун сапаты көчмө лаборатория аркылуу текшерилди

Транспорт

Баткенде жолдордун сапаты көчмө лаборатория аркылуу текшерилди

Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен өлкө аймагында курулуп жаткан жолдордун сапатына көчмө лабораториялык текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Бул алкакта Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору Баткен шаарында 2024-2025-жылдары капиталдык оңдоодон өткөн жолдорду, ирригациялык тутумдарды жана лотокторду текшерди. Текшерүүдө айрым көчөлөрдө асфальттын