Экономика
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр 1-окууда кабыл алынды
Бүгүн Жогорку Кеңеште мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Биназир Нурланова баяндама жасап, документ менчиктештирүү процессин укуктук жактан өркүндөтүү, ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын белгиледи. Анын айтымында, сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык мамлекеттик кыймылдуу