Коом
Алайда прокуратуранын жаңы имараты пайдаланууга берилди
Ош облусунун Алай районунда прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган жаңы административдик имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы имараттын ачылыш аземине Башкы прокурор Асаналиев Максат Кубатович катышты. Ал өз сөзүндө мыйзамдуулукту камсыз кылууда жана жарандардын укуктарын коргоодо райондук прокуратуранын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн арттырууга толук шарттар түзүлгөнүн белгиледи.