Коом
Кыргыз-казак чек арасында жер титиреди
8-июнда саат 22:55те Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады. Жер титирөөнүн очогу Күнгөй Ала-Тоо кырка тоосунда жайгашып, Кожояр айылынан түндүк-батышка карай 35 чакырым, ал эми Ананьево айылынан 49 чакырым алыстыкта болгон.