акыркы жаңылыктар

Айтматов райондук электр тармагы 47 жылдан кийин жаңыланууда

Энергетика

Айтматов райондук электр тармагы 47 жылдан кийин жаңыланууда

Талас электр тармактар ишканасына караштуу Айтматов райондук электр тармагынын административдик имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда оңдоо иштеринин 60 пайызы аяктады. Имарат заманбап стилде жаңыланып, ички жана тышкы бөлүктөрү толук оңдолууда. Капиталдык оңдоонун алкагында чатыр алмаштырылып, эшик-терезелер жаңыртылып, инженердик коммуникациялар, жылытуу жана

Милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынып салынды

Экономика

Милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынып салынды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында “Кыргыз Республикасында милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров тааныштырды. Анын айтымында, документ турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү

Кыргызстанда биринчи жолу фасаддык материалдар сейсмикалык сыноодон өткөрүлдү

Кыргызстанда биринчи жолу фасаддык материалдар сейсмикалык сыноодон өткөрүлдү

Кыргызстанда алгачкы жолу фасаддык тутумдарга жана каптоочу материалдарга натуралдык вибродинамикалык сыноо жүргүзүлдү. Сыноо бүгүн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан уюштурулду. Иш-чара “Сейсмотуруктуу курулуш боюнча эл аралык эксперттер ассоциациясы” менен биргеликте өткөрүлүп, ага курулуш тармагынын адистери,

Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салуу фактылары аныкталды

Коом

Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салуу фактылары аныкталды

Прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышына жүргүзүлүп жаткан көзөмөлдүн алкагында, ишкердик субъекттерин укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуунун мыйзамдуулугуна мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 2026-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен салык органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде укук бузуу үчүн эскертүү

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт

Коом

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болот.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Мекеме тургундарды этият болууга, унааларды дарактардын жана көрнөк-жарнактардын астына токтотпоого жана шамал күчөгөндө ачык жерлерде болбоого чакырат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары

Бишкектин Кашка-Баш айылына 750 орундуу мектеп салынууда

Коом

Бишкектин Кашка-Баш айылына 750 орундуу мектеп салынууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарына караштуу Кашка-Баш айылында 750 орундуу заманбап мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесинин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда имараттын үчүнчү кабатынын колонналары орнотулууда. Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Башкы план боюнча

ШКУ форумунун алкагында кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды

Саясат

ШКУ форумунун алкагында кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын өкүлү, ШКУнун Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин төрайымы Шэнь Юэюэ менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форумунун алкагында өттү.

MCN Coin иши боюнча Исрадин Субанбеков 7 жылга соттолуп, Юруслан Тойчубеков акталды

Коом

MCN Coin иши боюнча Исрадин Субанбеков 7 жылга соттолуп, Юруслан Тойчубеков акталды

MCN Coin  иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук соту 26-майда  чечим чыгарды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан маалымдашты. Соттун өкүмүнө ылайык, Юруслан Тойчубеков күнөөсүз деп табылып, акталган. Исрадин Субанбеков күнөөлү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо жана эки жылдык мөөнөткө виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 7

Жараталышты коргоо кызматтарына 15 унаа тапшырылды

Коом

Жараталышты коргоо кызматтарына 15 унаа тапшырылды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана жаратылышты коргоо кызматтарына жаңы унааларды тапшырды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, салтанаттуу иш-чаранын алкагында экологиялык кызматтарга JAC маркасындагы 15 унаа өткөрүлүп берилди. Унаалар төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлдү:

Кыргызгидромет: Бүгүн өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Коом

Кыргызгидромет: Бүгүн өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 28-май күнү өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кээ бир аймактарда нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Ага байланыштуу сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Билдирүүгө караганда, Каракол — Эңилчек унаа жолунун 75–90-чакырымдарында, тактап айтканда Чоң-Ашуу ашуусунда кар жаашы жана кар көчкү түшүү коркунучу бар

Адылбек Касымалиев Балыкчыдагы “Кыргызкөмүр” ишканасынын абалы менен таанышты

Коом

Адылбек Касымалиев Балыкчыдагы “Кыргызкөмүр” ишканасынын абалы менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Кумтөр Голд Компанинин” Балыкчы өткөөл базасына барып, объектти модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, таанышуунун жүрүшүндө МинКаб Төрагасына базанын учурдагы абалы, жүргүзүлүп жаткан инфраструктуралык өзгөрүүлөр, логистикалык жана өндүрүштүк процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чаралар тууралуу маалымат берилди.

Улуттук статистика: Кыргызстандыктардын көбү жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болууда

Коом

Улуттук статистика: Кыргызстандыктардын көбү жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болууда

Улуттук статистика комитети үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында өлкөдө 8 миң адамдын өлүмү катталганын билдирди. Маалыматка ылайык, кыргызстандыктардын көбү жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болууда. Бул бардык өлүм учурларынын 54 %ын түзгөн. Экинчи орунда шишик оорулары, андан кийин жол кырсыгы, уулануу, суицид жана адам өлтүрүү сыяктуу тышкы себептер турат. Расмий