Саясат
“Кыргызкөмүр” ишканасынын орун басары кызматтан бошотулду
Мамлекеттик "Кыргызкөмүр" ишканасынын башкы директорунун орун басары Талант Скандербеков финансылык мыйзам бузуулар үчүн кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Кара-Кече" филиалындагы 24,9 миллион сомдук финансылык мыйзам бузууларга байланыштуу кызматтан бошотулду. Ички аудиттин жүрүшүндө аталган филиалда кассалык тартип одоно бузулганы аныкталган