Коом
К.Ташиев ага каршы кылмыш иши козголгонун, бирок ал ак экенин өз кайрылуусунда билдирди
“Регион” телеканалынын жетекчиси, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына 29-апрелде анын кайрылуусун жарыялады. Анда Ташиев ага каршы кылмыш иши козголгонун ырастаган. “Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү