Экономика
Бакыт Төрөбаев агрардык сектордогу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр санариптешерин айтты
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаев Digital Farmer Hackathon 2025 инновациялык иш-чарасында агрардык сектордогу мамлекеттик кызмат корсөтүүлөрдү санариптештирүү чаралары боюнча айтып берди. Анын айтымында, ветеринардык системада бардык ветеринардык иш чараларды, лабораториялык диагностиканы, экспорттук сертификаттарды берүүнү жана текшерүүлөрдү жүргүзүүнү электрондук форматка өткөрүүчү “Тулпар” системасы киргизилет. Документтер менен