Экономика
Ысык-Көлдөгү туризм тармагы акыркы жылдары 3 эсеге өскөн
Экономика жана коммерция министрлиги жана «2ГИС» компаниясынын анализине ылайык, 2025‑жылдын август айынын аягында курорттук сезон жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл жээгиндеги туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 2019-жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн. Министрликтин маалыматына ылайык, 2019-жылы Ысык-Көлдө 360 коомдук тамактануу жайы иштеген болсо, 2025-жылы алардын саны 963кө жеткен.