Экономика
ЖКККБ мыйзамсыз күйүүчү май ташыган 37 жолтандабасты кармады
Кыргызстанда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын кызматкерлери атайын рейддин жүрүшүндө күйүүчү майды ташуу жана мыйзамсыз сатуу үчүн кошумча бактар мыйзамсыз орнотулган 37 автоунааны аныкташканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Кармалган унаалардын басымдуу бөлүгү — жол тандабастар. Айдоочулар кайра жабдылган автоунаалар менен күйүүчү майды Казахстандан Кыргызстанга ташып келип, андан ары