Экономика
Сүт алуучулар эми сүттү майлуулугуна жараша бекитилген тариф менен алышат
Суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштери боюнча маалымат берип жатып, уй багуунун чыгымдары акталбай жаткандыгы жана сүттүн баасынын туруксуздугу боюнча депутаттын суроосуна жооп берди. Анын айтымында, 2025-жылдын соңунан тарта сүт өндүрүүчүлөр менен аны кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы сүттүн сапатына жараша баа