Транспорт
АКШ, Кыргызстан Макмал-Каракол темир жолун курууну талкуулады
Президентке караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинде АКШнын All American Rail Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2025-жылдын февраль айында келишимине кол коюлган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы "Макмал – Каракол темир жолун куруу" долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын ички темир жол тармагын өнүктүрүүгө, ошондой