Экономика
"Кыргызалтын" Кызыл-Омполду өз күчү менен иштетүүнү көздөп жатат
Жаратылыш ресурстары, экология жана кайра иштетүү министри Медер Машиев Tazabek басылмасына Кызыл-Омпол кенин иштетүү иштери кайсы этапта экенин айтып берди. Министрдин айтымында, "Кыргызалтын" Кызыл-Омполдо өндүрүштү өз күчү менен уюштурууну пландап жатат. "Өндүрүштүн биринчи этабы — титаномагнетитти жана руданы бөлүү. Руда эки бөлүккө ажыратылат: бир бөлүгү — титаномагнетит, экинчиси — комплекстүү