Гранттар жана кредиттер

"Бирдиктүү саламаттык" программасынын алкагында донорлор 30 млн доллардан ашык каражат бөлөт

Гранттар жана кредиттер

"Бирдиктүү саламаттык" программасынын алкагында донорлор 30 млн доллардан ашык каражат бөлөт

Донорлор Кыргызстанга 30 млн доллардан ашык каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев билдирди. Маалымат жыйында 2025-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү

Сауд Арабиясы Кыргызстанда мектептерди куруу үчүн 50 млн доллар насыя бөлөт

Гранттар жана кредиттер

Сауд Арабиясы Кыргызстанда мектептерди куруу үчүн 50 млн доллар насыя бөлөт

Долбоордун II фазасынын алкагында Сауд Арабиясы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда мектептерди курууга 50 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Самат Жантелиев билдирди. Маалымат 2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган

ЖК аймактардагы суу долбоорлору үчүн 20 млн доллар насыяны жактырды

Гранттар жана кредиттер

ЖК аймактардагы суу долбоорлору үчүн 20 млн доллар насыяны жактырды

Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитети ОПЕК фонду менен түзүлгөн кредиттик макулдашууну биринчи окууда колдоду. Анын алкагында аймактардагы суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу үчүн 20 миллион доллар каражат тартылат. Маалыматка ылайык, бул каражаттар Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 калктуу конушта таза суу жана санитария шарттарын жакшыртууга жумшалат. Долбоор жалпы

"Камбар-Ата-1" ГЭС долбооруна донорлор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар

Энергетика

"Камбар-Ата-1" ГЭС долбооруна донорлор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар

Энергетика министрлиги “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясы (ГЭС) долбооруна 9 донор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар экенин билдирди. Министрлик ГЭСтин плотинасынын тиби аныкталып, аны ишке ашырууга Дүйнөлүк банк мурда бөлгөн 5 млн долларга кошумча дагы 13,6 млн доллар бергенин, бул банк ГЭСтин негизги курулушуна үч мамлекет үчүн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан)

Былтыр дыйкандарга лизингге 9,8 млрд  сомдук техника берилген

Транспорт

Былтыр дыйкандарга лизингге 9,8 млрд сомдук техника берилген

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги фермерлердин машина-трактор паркын жаңылоо жана заманбап айыл чарба техникасы менен камсыз кылуу боюнча бир катар иш-чараларды ишке ашырып жатат. 2011-жылдан бери "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу жети лизингдик долбоор иштеп келет. Анын алкагында айыл чарба

Таштандыны кайра иштетүүчү завод 49 миң тонна таштандыны  иштетти

Экономика

Таштандыны кайра иштетүүчү завод 49 миң тонна таштандыны иштетти

Мэр Айбек Жунушалиев "Кабар подкаст" берүүсүнө берген маегинде Бишкек таштанды полигонуна Кытай инвесторлору курган таштандыны кайра иштетүүчү завод ачылгандан бери 49 миң тонна таштандыны кайра иштеткенин билдирди. Буга улай шаар мэри бир заводдун аркасы менен дагы үчөө курулуп, ишке киргизилгенин баса белгиледи. Анын айтымында, жакынкы арада заводдун жанындагы

Экономика министрлиги 2026-жылы 2 млн долларды региондорду өнүктүрүүгө жумшайт

Экономика

Экономика министрлиги 2026-жылы 2 млн долларды региондорду өнүктүрүүгө жумшайт

Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылы Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун (КДУД)) алкагында 2 млн долларды өздөштүрүүнү пландап жатканын биринчи вице-министр Чоро Сейитов координациялык комитеттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, долбоор 2025-жылдын экинчи чейрегинде башталып, ушул кезге чейин 1 млн доллар өздөштүрүлгөн. Долбоорду Дүйнөлүк банк каржылайт, жалпы бюджети 27 млн долларды түзөт.

Кыргызстан инвесторлорго 30 жылдык виза жана салык жеңилдиктерин берүүнү пландап жатат

Экономика

Кыргызстан инвесторлорго 30 жылдык виза жана салык жеңилдиктерин берүүнү пландап жатат

Кыргызстан тышкы инвесторлор үчүн 20–30 жылдык узак мөөнөттүү визаларды киргизүүнү караштырып жатат. Бул визаларды алуу үчүн инвесторлор экономикалык өнүгүү үчүн өлкөгө 300–400 миң доллардан кем эмес каражат салууга даяр болушу керек. Бул тууралуу Президенттин алдындагы Улуттук инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев "Биринчи радио"

Дүйнө жүзүндө тышкы колдоосуз карыздарын төлөй албаган "зомби компаниялар" көбөйдү

Экономика

Дүйнө жүзүндө тышкы колдоосуз карыздарын төлөй албаган "зомби компаниялар" көбөйдү

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) изилдөөсүндө айтылгандай, дүйнөлүк экономика акыркы 10 жыл бою жүргүзүлгөн өтө жумшак акча-кредит саясатынын мезгилинен кийин пайыздык чендердин "кадимки" деңгээлине кайра кайтты. Дүйнөдө пайыздык чендердин туруктуу жогорулашынын кесепеттеринин бири — корпорациялардын каржылык алсыздыгынын күчөшү болду. "Эгер 2019–2020-жылдары компаниялар еврозонада 1,5–2%, ал эми

Пандемиялардан коргонууга жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого 30 млн доллар бөлүнөт

Экономика

Пандемиялардан коргонууга жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого 30 млн доллар бөлүнөт

Кыргызстан "Бирдиктүү саламаттык" программасынын алкагындагы "Кыргызстан үчүн 1-фаза" долбоору боюнча пандемиялардан коргонууга жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө 30 млн доллардан ашык каражат алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында маалымдалды. Суу ресурстары, айыл чарба жана

Өзбекстандын тышкы карызы 75,4 млрд долларга жетти

Экономика

Өзбекстандын тышкы карызы 75,4 млрд долларга жетти

2025-жылдын 1-октябрына карата Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 75,4 млрд долларга жеткенин өлкөнүн Борбордук банкы билдиргенин "Кабар" агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, жылдын тогуз айында мамлекеттик тышкы карыз 10%га, ал эми ишканалардын тышкы карызы дээрлик 27%га көбөйгөн. 2025-жылдын январь–сентябрь айларында өлкөнүн тышкы карызы жалпы 11,3

Акыркы 4 жылда КМШ өлкөлөрүнүн өз ара соода жүгүртүүсү 18%га жогорулады

Экономика

Акыркы 4 жылда КМШ өлкөлөрүнүн өз ара соода жүгүртүүсү 18%га жогорулады

КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедевдин айтымында, акыркы төрт жылда КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соодасы 18%га жогорулаган. Берилген маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын ортосуна карата КМШ өлкөлөрүнүн топтолгон өз ара инвестициялары рекорддук деңгээлге — 41,6 млрд долларга жеткен. "Ири инвестор катары объективдүү түрдө региондогу эң ири экономика катары Россия чыгууда.