Экономика
Экономика министрлиги 2026-жылы 2 млн долларды региондорду өнүктүрүүгө жумшайт
Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылы Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун (КДУД)) алкагында 2 млн долларды өздөштүрүүнү пландап жатканын биринчи вице-министр Чоро Сейитов координациялык комитеттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, долбоор 2025-жылдын экинчи чейрегинде башталып, ушул кезге чейин 1 млн доллар өздөштүрүлгөн. Долбоорду Дүйнөлүк банк каржылайт, жалпы бюджети 27 млн долларды түзөт.