Коом
Манас шаарында чет тилде жазылган көрнөк-жарнактар алынды
Манас шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарга жана тил эрежелеринин талаптарына жооп бербеген, грамматикалык жана орфографиялык каталарга жол берилген көрнөк-жарнактар алынды. Манас шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, ишкерлерге жана тиешелүү тараптарга көрнөк-жанактарды жана жарнамаларды мамлекеттик тилдин ченемдерине ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Негизинен кытай тилинде жазылган жайлардын аталыштары алынган.