Коом
9-декабрь – коррупция менен күрѳшүүнүн эл аралык күнү
Жыл сайын 9-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан жарыяланган Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнү белгиленет. 2003-жылдын 31-октябрында БУУнун Башкы Ассамблеясы Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясын кабыл алган. Бүгүнкү күндө 190 өлкө коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жоопкерчиликтүү башкаруунун, отчеттуулуктун жана эл аралык милдеттенмелерди так сактоонун маанилүүлүгүн ырастоо менен Конвенцияны ратификациялаган.