Коом
"Манас" эл аралык аэропортун реконструкциялоо иштери 90% аяктады
50 жылдан ашык тарыхы бар "Манас" эл аралык аэропортунун реконструкциясы соңуна чыгып калды. Учурда курулуш иштеринин 90%ы бүткөрүлүп, объектти пайдаланууга берүү даярдыгы жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, "Манас" эл аралык аэропортун реконструкциялоо иштери 2025-жылы башталган.