Коом

Жарандардын кайрылуусунан кийин Бишкекте №13 автобус түнкү каттамга чыгат

Коом

Жарандардын кайрылуусунан кийин Бишкекте №13 автобус түнкү каттамга чыгат

Бишкек мэриясында "Бишкекавтобекет" муниципалдык ишканасына караштуу №13 автобустун түнкү каттамын уюштуруу маселеси талкууланды. Мэриянын маалыматына ылайык, мындай сунуш жайкы туристтик мезгилге байланыштуу шаар тургундарынан жана борбор калаага келген коноктордон түшкөн кайрылуулардын негизинде көтөрүлгөн. Жарандар автобекеттен шаарга түнкү убакта жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүүнү суранышкан. Демилгени Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев

Уулжан Бейшенбекова
Ысык-Көлдөн 300 метр тор жана таштанды чыгарылды

Коом

Ысык-Көлдөн 300 метр тор жана таштанды чыгарылды

Ысык-Көл районунун Григорьевка, Кожояр, Семеновка жана Корумду айылдарынын аймагында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейд министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн. Рейддин жыйынтыгында көлдөн мыйзамсыз салынган 300 метр синтетикалык балык уулоочу тор табылып,

Сапар Акунбеков
Быйыл психотроптук зат алып кирүүгө аракет кылган 14 чет өлкөлүк кармалды

Коом

Быйыл психотроптук зат алып кирүүгө аракет кылган 14 чет өлкөлүк кармалды

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанга психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү боюнча бир катар аракеттер аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте чет өлкөлүк жарандардын мындай аракеттерине бөгөт койгон. Жүргүзүлгөн

Уулжан Бейшенбекова
Соцфонддун байланыш борборуна алты айда 11 миңден ашык кайрылуу түштү

Коом

Соцфонддун байланыш борборуна алты айда 11 миңден ашык кайрылуу түштү

Социалдык фонддун Call-борбору 2026-жылдын январь-июнь айларында жарандардан жалпы 11 миң 398 кайрылуу кабыл алды. Маалыматка ылайык, анын ичинен июнда 547 телефон чалуу жана 1179 онлайн билдирүү түшкөн. Жарандар көбүнчө топтомо пенсия, пенсияны чектөө, жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алуу, камсыздандыруу төгүмдөрү жана пенсиялык камсыздандыруу боюнча суроолор менен кайрылышкан.

Уулжан Бейшенбекова
Аравандык дыйкан 28 гектар таштак жерди мөмө багына айлантты

Коом

Аравандык дыйкан 28 гектар таштак жерди мөмө багына айлантты

Араван районунун тургуну Залкарбек Кожобаев 10 жыл мурда 28 гектар таштак жерди өздөштүрүп, бүгүнкү күндө кокон гилас менен шабдалы өстүргөн жемиш багын түптөдү. Эми ал тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, түшүмүн экспортко чыгарууну көздөөдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анын айтымында, жакында эле каралбай калган жерлерди өздөштүргөн дыйкандар үчүн жеңилдетилген

Айгерим Качкынбекова
Бишкек мэриясы тургундарды экологиялык кеңештин ачык жыйынына чакырды

Коом

Бишкек мэриясы тургундарды экологиялык кеңештин ачык жыйынына чакырды

Бишкек шаардык мэриясы калааны жашылдандыруу маселелерине арналган экологиялык кеңештин жыйыны өтөрүн билдирди. Иш-чара 10-июлда саат 17:00дө "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигинде өтөт. Жыйынга шаар мэри Айбек Жунушалиев төрагалык кылат. Жолугушууда шаарды жашылдандыруу, экологиялык көйгөйлөр жана бул багыттагы сунуштар талкууланат. Жыйын ачык форматта өтүп, ага

Уулжан Бейшенбекова
Н.Орунтаев: Жаңы окуу жылына карата 36 мектеп пайдаланууга берилет

Коом

Н.Орунтаев: Жаңы окуу жылына карата 36 мектеп пайдаланууга берилет

Бишкек, Ош жана Манас шаарларында курулуп жаткан 36 ири мектеп 2026-2027-жаңы окуу жылынын башталышына карата пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө Бишкек шаарында 20, Ош шаарында 10 жана Манас шаарында

Айгерим Качкынбекова
Жети-Өгүздө окуучу сабалган окуядан кийин мектеп директору кызматтан алынды

Коом

Жети-Өгүздө окуучу сабалган окуядан кийин мектеп директору кызматтан алынды

Социалдык тармактарда тараган мектеп окуучусунун сабалышы тууралуу видео боюнча Агартуу министрлиги маалымат берди. Министрлик билдиргендей, окуя 29-майда Жети-Өгүз районундагы жеке менчик "Кут Билим" окуу-тарбия комплексинде катталган. Окуядан кийин окуу жайдын мурдагы директору кызматынан бошотулуп, учурда мекемеде жаңы жетекчи иштеп жатканы маалымдалды. Учурда бул факт боюнча

Уулжан Бейшенбекова
ӨКМ министри Аксы жана Ала-Букадагы селден жабыркаган аймактарды кыдырды

Коом

ӨКМ министри Аксы жана Ала-Букадагы селден жабыркаган аймактарды кыдырды

Күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондоруна иш сапары менен барып, сел кырсыктарынан жабыркаган аймактардагы абалды жеринен көрүп чыкты. ӨКМдин маалыматына ылайык, министр калыбына келтирүү жана алдын алуу иштеринин жүрүшүн текшерип, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди. Ал жүргүзүлүп жаткан

Айгерим Качкынбекова
Жалал-Абадда 32 миңден ашык суур эсепке алынды

Коом

Жалал-Абадда 32 миңден ашык суур эсепке алынды

Жалал-Абад облусунун аймагында суурлардын санын эсепке алынып, санактын жыйынтыгында жалпы 32 миң 327 баш суур катталды. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, алардын ичинен 19 миң 157си кызыл суур, ал эми 13 миң 170и Мензбир сууру экендиги аныкталды. Белгиленгендей, бул иштер жапайы жаныбарлардын саны жана абалы тууралуу так маалымат алуу,

Уулжан Бейшенбекова
Орловкадагы асма жолдо жарык өчкөн учур боюнча 20 миң сом айып пул салынды

Коом

Орловкадагы асма жолдо жарык өчкөн учур боюнча 20 миң сом айып пул салынды

Интернет булактарында тараган Орловка шаарындагы лыжа базасынын асма жолунда элект энергиясы өчкөнү тууралуу маалыматтан кийин жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында электр энергиясы үзгүлтүккө учураганда резервдик дизелдик генератор ишке киргенге чейин асма жолдун иши убактылуу токтотулганы

Уулжан Бейшенбекова
Ош шаарында эл үчүн акысыз Ордо аянтчасы ачылды

Коом

Ош шаарында эл үчүн акысыз Ордо аянтчасы ачылды

Ош шаарында улуттук спортту өнүктүрүүгө багытталган жаңы Ордо аянтчасы ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аянтча шаардык спорт комитетине тийиштүү болуп, бардык каалоочулар үчүн акысыз жеткиликтүү. Жаңы жайда ордо оюнун сүйүүчүлөр, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көргөн спортчулар да машыга алышат. Ачылыш аземинде калаа мэри Жанарбек

Уулжан Бейшенбекова