Коом
“Бишкек Арена” стадионунда өрт чыкканы тууралуу маалымат төгүндөлдү
Президенттин Иш башкармалыгы курулуп жаткан “Бишкек Арена” стадионунун аймагында өрт чыкканы тууралуу маалыматтарды төгүндөдү. Иш башкармалыктын маалыматына караганда, объекттин жер төлөсүндө ширетүү иштери жүргүзүлүп жаткан. Иш учурунда учкундар боёк жана курулуш материалдарына тийип, натыйжада кыска мөөнөттүү түтүн пайда болгон. Иш башкармалыгынын билдиришинче, өрттөнүү же ачык жалын катталган эмес. Ошондой эле