Коом
Тамчы айылындагы курулуш объекттерине айып пул салынды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы бир катар курулуш объекттерине пландан сырткары текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көлдүн суу фондусунун жерлерине мыйзамсыз түрдө топурак жана кум төгүлгөндүгү,