Финансылык коопсуздук боюнча сынакта биздин жаштар ийгиликке жетишти
2025-жылдын 29-сентябрынан 3-октябрына чейин Россиянын Красноярск шаарында 40 өлкөдөн 600дөн ашуун катышуучуну бириктирген Финансылык коопсуздук боюнча V Эл аралык олимпиаданын финалы болуп өттү. КРнын агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, олимпиадага КРнын Мамлекеттик башкаруу академиясы, КУУ, КМТУ, БМУ, КРСУ, КЭУнун студенттери, ошондой эле биринчи жолу төрт мектеп окуучусу катышкан.