Кыймылсыз мүлк
Акыркы беш жылда 1488 мүлк мамлекетке алынып, 221и сатылган
Кыргызстанда 2020-жылы келген бийликтин тушунда мурда-кийин мыйзамсыз менчиктештерилген делген 1488 мүлк кайра мамлекетке алынган. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Ал бул объектилердин ичинен 221 объект сатылып, 1048и мамлекеттик мекемелерге берилсе, калган 219 мүлк Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча