Кызыктуу

"Чатыр-Көл" театрынын ордуна маданий борбор курулат

Кызыктуу

"Чатыр-Көл" театрынын ордуна маданий борбор курулат

Бишкек шаарында жаңы көп функционалдуу маданий борбордун курулушуна капсула салынганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин бул жерде "Чатыр-Көл" аттуу эски кинотеатр жайгашкан. 2009-жылдан тартып имарат мамлекеттик "Учур" жаштар театрынын имараты катары пайдаланылып келген. 2025-жылы

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

Транспорт

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу уланып жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул аэропортту реконструкциялоо боюнча жалпы стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. "Биз жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүп жатабыз. Унаа

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Экономика

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкциялар боюнча катуу нааразылык билдиргенин өлкөнүн Соода министрлигинин расмий өкүлү маалымдады. Анын айтымында, Англия Кытай ишканаларына каршы "Россия менен байланыш" деген жүйө менен киргизген чаралар — эл аралык укуктук негизге ээ эмес жана БУУ тарабынан мандат албаган бир тараптуу санкциялар болуп саналат. Украинадагы кырдаалга токтолуп,

Кыргызстанда биткоинди сомго сатып алууга болот

Экономика

Кыргызстанда биткоинди сомго сатып алууга болот

Кыргызстан стейблкоиндер багытында алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп эсептелерин Арсен Эдилбек уулу ЖМКларга берген интервьюсунда билдирди. Кыргызстанда учурда эки мамлекеттик цифралык актив — USDKG жана KGST иштеп жатат. Эксперттин айтымында, эң популярдуу инструменттердин бири USDT стейблкоину бойдон калууда. Мамлекеттик стейблкоиндердин болушу ички рынокто кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. "USDKG 100% каржылык министрликтин катышуусу

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Кызыктуу

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Испаниянын табийгый илимдер улуттук музейи менен Колумбиянын улуттук университетинин окумуштуулары океандын узак мөөнөттүү ысышы балыктардын биомассасынын жыл сайын туруктуу кыскарышына алып келерин аныкташты. Айрым учурларда бул кыскаруу 19,8% га чейин жетет. Изилдөө Жер ортолук деңизинин, Түндүк Атлантиканын жана Тынч океандын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн сууларын камтыды. Окумуштуулар 1993–2021-жылдар

"Кыргызаэронавигация" ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алат

Экономика

"Кыргызаэронавигация" ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алат

"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алууну пландап жатат. Тиешелүү тендер жарыяланды. Техникалык тапшырмага ылайык, көп позициялуу байкоо системасынын алыстан орнотулуучу сенсорлору сатылып алынат. Атайын жабдуу TADOT—ONDIX—OGIGI жаңы аба трассасы боюнча учкан аба кемелери тууралуу радиолокациялык маалыматтарды алууну камсыздоого тийиш. Сатып алуу

Кыргызстан  2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Транспорт

Кыргызстан 2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында авиация тармагындагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты. "Жакынкы убакта авиапаркты De Havilland Canada Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү бир учак

Кыргызстандык Кундуз Курбанкулова жүндөн жер семирткич чыгарып жатат

Бизнес

Кыргызстандык Кундуз Курбанкулова жүндөн жер семирткич чыгарып жатат

2025-жылдан тарта ишкер Кундуз Курбанкулова койдун жүнүн кайра иштетүү аркылуу дыйкандар үчүн экологиялык таза жер семирткич өндүрүп, сатыкка чыгара баштаган. Анын өндүрүшү менен Айыл чарба министрлигинин Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти таанышып чыкты. Бул продукция топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулатып, нымдуулукту сактоого жардам берет жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө оң таасирин

Кыргызстан космостук технологияларды киргизүүгө 100 миң сом бөлөт

Экономика

Кыргызстан космостук технологияларды киргизүүгө 100 миң сом бөлөт

МинКаб 100% мамлекеттик катышуу менен "Кыргыз спутник" аттуу ачык акционердик коомду түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Чечим экологиялык мониторинг жүргүзүү, жер ресурстарын эсепке алуу, климаттык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, стратегиялык мааниге ээ минералдарды издөө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн заманбап космостук технологияларды киргизүүгө багытталган. Документке ылайык, коомдун уставдык капиталы

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кызыктуу

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда бир заматта 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкканын South China Morning Post жазды. Жаңы ыкма Цинхуа университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Ал салттуу катмар-катмар басып чыгаруу ыкмасына эмес, таптакыр жаңы — голографиялык проекция технологиясына негизделген. Бул система тунук идишке жайгаштырылган басып чыгаруу материалын көз ирмемде катуу түзүлүшкө айлантат. Миллиметр

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Коом

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилерин өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет. Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар

Д.Бекешев: Кара куурайдан кийим өндүрүүнү тездетишибиз керек

Экономика

Д.Бекешев: Кара куурайдан кийим өндүрүүнү тездетишибиз керек

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында өнөр жайлык негизде кара куурайдан (техникалык каннабистен) кийим-кече өндүрүүнү тездетүүгө чакырды. Анын айтымында, техникалык каннабисти ар түрдүү тармактарда колдонууга болот. "Мисалы, кийим, сумка тигүүгө пайдаланса болот. Азыр тигүүчүлөр кездемени башка өлкөлөрдөн сатып алып жатышат. Өзүбүздүн чийки затты колдонсок болмок. Айыл чарба министрлиги