Транспорт
Бишкекте Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Бишкек шаарында Осмонкул көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү 2026-жылдын 30-мартынан тарта жол кыймылы үчүн жабылат. Бул чечим жолду реконструкциялоо жана жылуулук тармагын жаңылоо иштерине байланыштуу кабыл алынды. "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы аталган тилкеде узундугу 260 метр болгон, диаметри 300 мм эки түтүктөн турган жылуулук магистралын