Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу аяктоо алдында

Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу аяктоо алдында

Балыкчы–Кочкор темир жолунун курулушунда акыркы бүтүрүү иштери жүрүп жатат. Учурда жолдун туруктуулугун камсыздоо үчүн алгачкы жолу заманбап ВПО-С үлгүсүндөгү атайын техника колдонулууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, поезддердин кыймылынын коопсуздугун жана темир жолдун сапатын жогорулатуу максатында Балыкчы–Кочкор тилкесинде жолду түздөө, шпалдарды таптоо жана акыркы бүтүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иштерде биринчи жолу ВПО-С үлгүсүндөгү заманбап атайын техника колдонулуп жатат. Ал техника "Казакстан темир жолу" акционердик коому тарабынан убактылуу пайдаланууга берилген.

Компания белгилегендей, аталган машина темир жолду түздөө, шпалдарды таптоо жана жолдун туруктуулугун камсыздоо боюнча иштерди так жана сапаттуу аткарууга мүмкүндүк берет. Натыйжада темир жолдун геометриялык тактыгы жогорулап, келечекте поезддердин коопсуз жүрүшү камсыздалат. Ошондой эле курулуш иштеринин сапаты менен аткаруу ылдамдыгы да жогорулайт.

Белгиленгендей, Балыкчы–Кочкор жаңы темир жолунун жалпы узундугу 63,4 чакырымды түзөт. Учурда темир жол тилкесинин курулушу жана Кочкор станциясындагы эки кабаттуу имараттын курулушу соңку баскычта жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52