Ош–Ноокат жолундагы сапатсыз тилкени үч күндүн ичинде оңдоо тапшырмасы берилди

Ош–Ноокат жолундагы сапатсыз тилкени үч күндүн ичинде оңдоо тапшырмасы берилди

Социалдык тармактарда тараган видеодон кийин Ош–Ноокат унаа жолунун сапаты жеринде текшерилип, талаптарга жооп бербеген жол тилкесин үч күндүн ичинде кайра жасоо боюнча көрсөтмө берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери көчмө лаборатория менен Ош–Ноокат унаа жолунда текшерүү жүргүзүштү.

Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү социалдык тармактарда жолдун сапатына байланыштуу жарыяланган видеоматериалдын негизинде уюштурулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош шаары аркылуу өткөн Мамыров көчөсүнүн 3–4-чакырымындагы жол тилкесинде бир катар кемчиликтер аныкталды. Асфальт-бетон жабындысынын сапаты текшерилип, лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн керн үлгүлөрү алынды.

Жыйынтыгында башкы подрядчы "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №21 Жол тейлөө башкармалыгына (ДЭУ-21) карата акт түзүлүп, талаптарга жооп бербеген жол тилкесин кайра жасоо боюнча көрсөтмө берилди. Подрядчы уюмга аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн үч күндүк мөөнөт белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52