Ысык-Көлдө жол курулуштарын тездетүү тапшырмасы берилди

Ысык-Көлдө жол курулуштарын тездетүү тапшырмасы берилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып жаткан жол куруу жана реконструкциялоо долбоорлорунун жүрүшүн жеринен текшерип, курулуштун сапаты жана мөөнөттөрүнүн сакталышы боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында бир катар маанилүү жол объектилериндеги курулуш иштеринин жүрүшү каралды.

Алардын катарына "Каракол – Эңилчек" автожолунун 0–38-чакырым аралыгын, "Ак-Булуң – Токтогул" жолунун 0–8-чакырым аралыгын жана "Каракол – Раздольный – Советский – Сыртзавод" автожолунун 38,5–51-чакырым аралыгын реконструкциялоо долбоорлору кирет.

Мындан тышкары, "Бозучук – Жыргалаң айылы" автожолунун 14,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө жана "Жыргалаң" тоо-лыжа курортуна алып баруучу 8,5 чакырым автомобиль жолун жана технологиялык кирме жолдорду куруу долбоорунун жүрүшү текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Тариэль Жаныбеков тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө, инженер-консультанттарга жана подряддык уюмдарга курулуш иштеринин темпин күчөтүү, бекитилген графиктен четтебөө, аткарылып жаткан иштердин сапатын күчөтүлгөн көзөмөлгө алуу жана бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52