Бишкек – Ош жолунда унаа кыймылы толугу менен калыбына келтирилди
Бишкек–Ош унаа жолунун 249-чакырымында 21-июлда эки ирет сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. Ыкчам жүргүзүлгөн тазалоо иштеринен кийин каттам эки багытта тең толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
21-июлда Бишкек–Ош унаа жолунун 249-чакырымында эки ирет сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылган.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге атайын техникалар ыкчам тартылып, сел суусунун агымын буруу, жолду ылай жана таштардан тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле жол кыймылын мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө калыбына келтирүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында жол толугу менен тазаланып, учурда унаалар эки багытта тең тоскоолдуксуз каттап жатышат.
Министрлик айдоочуларды тоолуу аймактарда жол жүрүүдө этият болууга, аба ырайынын шарттарын алдын ала эске алууга жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырды.