Бишкекте 4,1 чакырымдык көчө толугу менен реконструкцияланат

Бишкекте 4,1 чакырымдык көчө толугу менен реконструкцияланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Элебесов, Безымянная жана Кожевенная көчөлөрүндө жүрүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мэриянын маалыматына ылайык, Элебесов көчөсүндө шаар башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, канализация куруу маселесин талкуулады. Жыйынтыгында "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасына үч күндүн ичинде канализация тармактарын тартуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп, расмий жооп берүү тапшырылды.

Кожевенная көчөсүндө реконструкция аймагына кирген тосмолорду, анын ичинде ӨКМдин №2 өрт өчүрүү-куткаруу бөлүгүнүн тосмосун алуу тапшырмасы берилди.

Андан соң мэр Кыргыз көчөсүнүн Саадаев көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки 4,1 чакырымдык тилкесиндеги курулуш иштерин көрүп чыкты.

Долбоорго ылайык, бул тилкеде жол төрт тилкелүү болуп кеңейтилет. Ошондой эле эки тротуар, ирригациялык система курулуп, учурдагы көпүрө кеңейтилет.

Айбек Джунушалиевдин айтымында, алгач жолду гана реконструкциялоо пландалган. Бирок тургундардын кайрылууларынан кийин биринчи кезекте канализация тармактарын куруу чечими кабыл алынган.

"Адегенде жолду куруп алып, бир нече жылдан кийин кайра канализация өткөрүү үчүн аны бузуу туура эмес", — деди шаар башчысы.

Маалыматка ылайык, жаңы канализация тармагы пайдаланууга берилгенден кийин болжол менен 2 миңге жакын тургун борборлоштурулган канализация кызматы менен камсыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52