Коом
Жети-Өгүздө 87,9 млн сомдук жаңы мектеп корпусу ачылды
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында Осмон Эсенканов атындагы 150 орундуу мектептин жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты. Курулуш министрлиги билдиргендей, жаңы мектеп корпусу Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча ачылып жаткан 105 социалдык объектинин катарына кирет. Долбоор республикалык