Саясат
Кыргыз-тажик кесиптик бирликтери кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту
Кыргызстан менен Тажикстандын кесиптик бирликтер федерациялары кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашууга кол коюшту. Кесиптик бирликтер федерациясынан билдиришкендей, макулдашуу кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле эмгекчилердин эмгектик, социалдык-экономикалык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешкен иштерди күчөтүүгө багытталган. Тараптар эмгек мыйзамдары, эмгекти коргоо жана коопсуздук, социалдык өнөктөштүк, кызматкерлердин укуктарын коргоо боюнч