Коом
Таш-Көмүрдө 125 жаран коомдук иштерге катышып, эмгеги үчүн акы алды
Таш-Көмүр шаарында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында "Акы төлөнүүчү коомдук иштер" долбоору боюнча сегиз демилге ишке ашырылды. "Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги" уюмунан билдиришкендей, долбоорго жумушсуз катары каттоодо турган 125 жаран катышып, шаардык инфраструктураны жана коомдук мейкиндиктерди жакшыртууга багытталган иштерди аткарышты. Катышуучулар мектептерде жана мектепке чейинки