Саясат
Президент Садыр Жапаров иш сапар менен АКШга барды
Бүгүн, Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатына барды. Мамлекет башчысын Солт-Лейк-Сити шаарынын аэропортунан Юта штатынын Сенатынын президенти Стюарт Адамс тосуп алды. Сапардын алкагында Президент штаттын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле туризм жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы америкалык тараптын тажрыйбасы менен таанышуусу