Экономика
Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчакты Пакистанга экспорттоо макулдашылды
МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Пакистандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси - Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери жетишкен макулдашууларды конкреттүү инвестициялык долбоорлорго жана реалдуу экономикалык натыйжаларга айландыруу зарылдыгын белгилешти. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы - Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчакты Пакистан рыногуна экспорттоо болду. Тараптар кыргызстандык өндүрүүчүлөр менен