Коом
Өлкөдө жаңы авиакомпанияларды ачууга киргизилген мораторий алынды
Кыргызстанда жаңы түзүлгөн авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификатын (AOC) берүүгө киргизилген тыюу алынды. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кабарлап, мындай чечим өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. 2024-жылы киргизилген мораторий учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө жана авиация тармагын реформалоого багытталган убактылуу чара болгон.