Коом
“Акыркы коңгуроо” салтанатында акча чогултууга тыюу салынат
Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында өткөрүлүүчү “Акыркы коңгуроо”салтанатына бүтүрүүчүлөрдөн, ата-энелерден жана мыйзамдуу өкүлдөрдөн акча каражаттарын чогултууга тыюу салат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин маалымдашынча, бул талаптар коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, ата-энелерге кошумча материалдык басым көрсөтүүгө жол бербөө жана билим берүү чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту