Саясат
Татарстандын башчысы “Ала-Арча” жаратылыш паркына барды
Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов иш сапары менен Кыргызстанга келди. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан "Ала-Арча" жаратылыш паркына сапар уюштурулуп, өлкөнүн уникалдуу жаратылышы жакындан тааныштырылды. Сапардын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жаратылыш экосистемаларын коргоо жана