Коом
Гепатология борборунун пайдубалына мезгил кутусу салынды
Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында курула турган адистештирилген Гепатология борборунун пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Аземге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, министрлер, Бишкек шаарынын мэри жана башка жетекчилер катышты. Марлен Маматалиев жаңы борбор боор ооруларын эрте аныктоого, заманбап деңгээлде дарылоого