акыркы жаңылыктар

БАЭ башкаруучулар үй-бүлөсүнүн мүчөсү Мансур Нахайян "Ала-Тоо Резорт" долбооруна кызыкты

Экономика

БАЭ башкаруучулар үй-бүлөсүнүн мүчөсү Мансур Нахайян "Ала-Тоо Резорт" долбооруна кызыкты

"Ала-Тоо Резорт" долбооруна Бириккен Араб Эмираттарынын башкаруучу үй-бүлөсүнүн мүчөсү, шейх Мансур бин Зайд Аль Нахайян кызыгуу билдиргенин "Ала-Тоо Резорт" ААКы маалымдады. Маалыматка ылайык, шейхтин кеңсесинин өкүлдөрү менен компаниянын жетекчилиги онлайн форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Тараптар Кыргызстанда жыл бою иштей турган тоо-лыжа кластерин куруу боюнча инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашкан.

Өткөн жылы 456 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүүгө 53 млн сом жумшалган

Транспорт

Өткөн жылы 456 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүүгө 53 млн сом жумшалган

2025-жылы чет мамлекеттерде каза болгон 456 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилгенин Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Анын айтымында, бул максатка 53 миллион сом жумшалган. "Бизде

ЕРӨБ Борбор Азияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейтти

Экономика

ЕРӨБ Борбор Азияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейтти

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Монголияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейткенин банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Risk Sharing Framework (RSF) алкагында ЕРӨБ өнөктөш банктар тарабынан жеке секторго берилген насыялардын кредиттик тобокелдиктеринин 50%ына чейинкисин өзүнө алат. Бул механизм банктарга чакан жана

Айыл чарба министрлиги мигранттарга 200 миң гектар кароосуз жерлерди берүүгө даяр

Экономика

Айыл чарба министрлиги мигранттарга 200 миң гектар кароосуз жерлерди берүүгө даяр

МинКаб эмгек мигранттарына иштетүү үчүн 200 миң гектар кароосуз жаткан жерлерди берүүгө даяр экенин Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев билдирди. Анын айтымында, жүргүзүлгөн ревизиянын

ЖК депутаты жайыт комитеттерин түзүү чоң ката болгонун билдирди

Экономика

ЖК депутаты жайыт комитеттерин түзүү чоң ката болгонун билдирди

Депутат Алишер Козуев Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу, айыл чарба министрлигин мурда түзүлгөн жайыт комитеттерин ката чечим катары таанууга чакырды. Анын айтымында, бир нече жыл мурда министрлик тарабынан жайыт комитеттерин түзүү чечими кабыл алынып, алардын ишмердүүлүгүнө сырттан ири

Казакстан, Кыргызстан элчиликтери эки өлкөдөгү имараттарды бекер пайдаланышат

Кыймылсыз мүлк

Казакстан, Кыргызстан элчиликтери эки өлкөдөгү имараттарды бекер пайдаланышат

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 29-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин, ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы элчисинин жана Казакстандын Кыргызстандагы элчисинин резиденцияларынын муктаждыктары үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттарды жана

Кыргызстанга Казакстандан дан экспорттоо 1,7 эсеге өстү

Экономика

Кыргызстанга Казакстандан дан экспорттоо 1,7 эсеге өстү

Кыргызстанга Казакстандан дан экспорттоо 1,7 эсеге өскөнүн "Казакстан темир жолу" улуттук компаниясы билдирди. Такталган маалыматка ылайык, 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын 19-февралына чейин тышкы рынокторго жаңы түшүмдөн 6,4 млн тонна дан экспорттолгон. Бул өткөн маркетингдик жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,7%га көп (анда 5,4 млн тонна

Бишкекте 24-февралда масштабдуу суу өчүрүү болот

Кыймылсыз мүлк

Бишкекте 24-февралда масштабдуу суу өчүрүү болот

Бишкек шаарында 24-февралда ичүүчү суу кеңири масштабда өчүрүлөрүн Бишкек мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, ошондой эле өндүрүштүк жана социалдык-тиричилик объекттерине суу берилбейт. Өчүрүү аймагы: Октябрьская көчөсү — ВБЧК — Аламүдүн дарыясы — Путепроводная көчөсү. "Бишкексууканал"муниципалдык ишканасы билдиргендей, чектөө

Ош шаарында жеке ишкерлер менен курулушчулар ортосунда нааразычылык жаралды

Коом

Ош шаарында жеке ишкерлер менен курулушчулар ортосунда нааразычылык жаралды

Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы парк аймагында жайгашкан ишкерлер соода түйүндөрүнүн демонтаждалышына байланыштуу жаңы мэр Жанар Акаевге кайрылышып, шаар башчысы кырдаалды жеринен көрүү үчүн окуя болгон жерге барды. Мэр тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге парктагы соода түйүндөрүнүн ээлери жана жаңы объекттерди куруп жаткан компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар ортодо жаралган

"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуш бузула баштады

Кыймылсыз мүлк

"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуш бузула баштады

Бишкек мэриясы "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) имаратынын жанындагы металл конструкцияларды демонтаждоону баштады. Окуя болгон жерде шаардын мэри Айбек Джунушалиев өзү жүрөт. Муниципалитеттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бекитилген долбоорго туура келбеген конструкцияларды жоюунун биринчи этабы бүгүн башталды. Эске салсак, бул соода борборунун аймагындагы курулуш иштери бекитилген долбоордук чечимдерге

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Коом

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бүгүн Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тойбосс эт продукцияларын өндүрүүчү ишканасына барып, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө системасы жана продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Компания халал стандарттарына ылайык сертификацияланган эт

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Коом

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест