акыркы жаңылыктар

Кыргызстан Кытайдан 10 миң тонна жер семирткич алууну пландоодо

Экономика

Кыргызстан Кытайдан 10 миң тонна жер семирткич алууну пландоодо

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде минералдык жер семирткичтерди жеткирүү боюнча алдын ала макулдашууга кол коюлду. Министрликтин маалыматына ылайык, документке "Кыргыз Агрохолдинг" ААКсы менен Кытайдын Beijing Huafu Engineering Co., Ltd. (HFEC) компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту. Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстанда эң аз пенсия 8 800 сом болот

Экономика

Кыргызстанда эң аз пенсия 8 800 сом болот

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде бир катар актуалдуу социалдык маселелерди, анын ичинде пенсияларды жогорулатууну жана билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгын карады. Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы 2026-жылдын 1-октябрынан тартып камсыздандыруу бөлүгүндөгү пенсияларды индексациялоо жана пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалып

Сапар Акунбеков
Баткендин тазалык жана көрктөндүрүү кызматына 5 атайын техника берилди

Коом

Баткендин тазалык жана көрктөндүрүү кызматына 5 атайын техника берилди

Баткен шаарында муниципалдык кызматтардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында атайын техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы техникалар Баткен облусун өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу алынган. Алардын катарында эки экскаватор, фронталдык жүктөгүч, "Hyundai Porter" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана

Уулжан Бейшенбекова
Бишкекте 1-сентябрь күнү кимдер эс алат?

Коом

Бишкекте 1-сентябрь күнү кимдер эс алат?

1-сентябрь Бишкек шаарында жайгашкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп белгиленди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы №479 токтому менен кабыл алынган. Ал эми жеке менчик

Айгерим Качкынбекова
Аксыда мыйзамсыз курулуп жаткан спорт залдын иши токтотулду

Коом

Аксыда мыйзамсыз курулуп жаткан спорт залдын иши токтотулду

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Аксы районунун Кербен шаарындагы Жерге-Тал айылында курулуп жаткан спорт залдан мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүдө курулуш-монтаждоо иштери объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлүп келгени аныкталды. Мыйзам бузуу фактысы боюнча "Кайрат Строй Кей Джи" ЖЧКсына акт

Айгерим Качкынбекова
Таластык фермер 1,5 гектар жерден жылына 13 тоннага жакын малина жыйнайт

Коом

Таластык фермер 1,5 гектар жерден жылына 13 тоннага жакын малина жыйнайт

Талас облусунун Талас районунда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө кызыккан дыйкандардын саны көбөйүүдө. Учурда райондо малина жана ежемалина 12 гектардан ашык аянтка эгилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Талас районунда жалпы 35 миң 326 гектар айдоо жери бар. Акыркы жылдары жергиликтүү дыйкандар аймактын климаттык шартына ылайыкташкан малинанын ар түрдүү сортторун

Айгерим Качкынбекова
Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалды

Коом

Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалды

УКМКнын кызматкерлери 16-августта ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Ак-Тилек автожол” өткөрмө пункту аркылуу жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүп турган туруктуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Мамлекеттик Чек ара кызматынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары акчалай сый акы үчүн коммерциялык жүктөрдү ташыган оор жүк ташуучу унаалардын Кыргызстандын аймагына

Сапар Акунбеков
Кыргыз-вьетнам мамилелерин чыңдоо багыттары талкууланды

Саясат

Кыргыз-вьетнам мамилелерин чыңдоо багыттары талкууланды

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 17-августта Вьетнамдын Кыргызстандагы жаңы дайындалган атаайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нгуен Тхань Лени кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Медер Абакиров элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердүүлүгү кыргыз-вьетнам мамилелерин мындан ары чыңдоого жана

Уулжан Бейшенбекова
Новопокровкадагы мурдагы оорукана 100 орундуу жаңы төрөт үйүнө айланат

Коом

Новопокровкадагы мурдагы оорукана 100 орундуу жаңы төрөт үйүнө айланат

Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылындагы мурдагы оорукананын имаратында жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери бүткөн соң, ал жерге 100 орундуу облустук төрөт үйү жайгаштырылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришти. Маалыматка ылайык, мартта саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов аталган мекемеге барып, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышкан. Бүгүнкү күндө имаратты оңдоо

Уулжан Бейшенбекова
Манас шаарында жаңы автобекет ишке берилди

Коом

Манас шаарында жаңы автобекет ишке берилди

Манас шаарында шаардан сырткаркы каттамдарды тейлей турган жаңы автобекет ишке берилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүндөн тарта Көк-Арт аймагындагы Шабданбай Абдыраманов көчөсүндө жайгашкан жаңы автобекеттен шаар аралык бардык маршруттук каттамдар жана такси кызматтары жөнөйт. Автобекетте жүргүнчүлөр үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, коомдук транспорт жана такси унаалары үчүн атайын токтоочу жайлар каралган. Учурда

Айгерим Качкынбекова
Таластагы 5 миң орундуу стадиондун курулушу 75%га аяктады

Коом

Таластагы 5 миң орундуу стадиондун курулушу 75%га аяктады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарында Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулушу менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, учурда стадиондогу курулуш-монтаждоо иштеринин 75% аткарылып, объектте 300дөн ашык жумушчу эмгектенүүдө. Министр курулуштун сапатына көңүл буруп, подрядчы уюмга жумушчу күчүн көбөйтүү тапшырмасын берди. Ошондой

Айгерим Качкынбекова
Россияда банктардын 2 миңден ашуун бөлүмү жабылышы мүмкүн

Банктар

Россияда банктардын 2 миңден ашуун бөлүмү жабылышы мүмкүн

Россияда банктар офлайн бөлүмдөрүнүн санын кыскартууну улантууда. "Известия" басылмасынын маалыматына ылайык, учурдагы темп сакталса, 2026-жылдын аягына чейин дагы 2,1 миңден ашык банк бөлүмдөрү жабылышы мүмкүн. Бул акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылдын январь–август айларынын аралыгында эле Россиянын банктары 1 370

Ишкер Media