Саясат
Майыптыгы бар жергиликтүү кеңештердин депутаттары ЖКте болушту
Кыргызстанда майыптыгы бар 52 адам жергиликтүү кеңештердин депутаты болуп иштеп жатат. Алардын 22си өлкөнүн жети облусунан Бишкекке келип, биринчи жолу Жогорку Кеңеште уюштурулган жолугушууга катышышты. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешов билдирди. Анын айтымында, жолугушууда жергиликтүү кеңештердин депутаттары өз аймактарындагы көйгөйлөрдү көтөрүштү. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев айтылган маселелер мыйзам долбоорлорун, өзгөчө